Дүйнөдө
Түркияда ооруканадагы жарылуудан 8 адам каза болду
Элита плюс
Декабрь 19, 2020 г.
Түркияда ооруканадагы жарылуудан 8 адам каза болду
© Элита плюс

18-декабрдан 19-декабрга караган түнү Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп шаарындагы ооруканада кычкылтек жарылып, анын натыйжасында сегиз адам каза болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жарылуу Газиантеп шаарындагы университет ооруканасында, коронавирус менен ооругандар жаткан жандандыруу бөлүмүндө болгон.

"Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар айтыла элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуяга байланыштуу болжол менен 14 адам башка медициналык мекемелерге которулган. Ооруканада болгон кырсык боюнча Түркия бийлиги иликтөө баштады", - деп жазылат маалыматта.