Дүйнөдө
Түркияда Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
Түркияда Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү
© Элита плюс
Түркияда Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү
© Элита плюс
Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрдагы туулган күнүнө карата уулу жазуучунун айкели тургузулган анын атындагы сейил бакта эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыргыз элинин чыгаан уулунун элесин эскерүү үчүн Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкарадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин башчылары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, бизнес структуралардын өкүлдөрү, студенттер, ошондой эле Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
"Элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө мындан бир жыл мурда ушул жерде Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи өткөнүн, тургузулган айкел түрк элинин Айтматовго болгон сый-урматынын бир далили экендигин белгиледи.
Ал эми Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу өз сөзүндө жазуучунун чыгармаларында көтөрүлгөн көйгөйлөргө, айрыкча "маңкуртчулук" түшүнүгүнүн маанисине токтолуп, Айтматовдун идеялары келечек муундар үчүн эбегейсиз мурас экендигин белгиледи. Ошондой эле ал Айтматов кыргыз элинин адабиятында гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндө эң маанилүү инсан экендигин баса белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында жазуучунун эстелигине гүл коюу аземи өттү.