Дүйнөдө
Түркияда акыркы суткада коронавирус илдетин 31 миң 712 адам жуктуруп алды
Элита плюс
Декабрь 09, 2020 г.
Түркияда акыркы суткада коронавирус илдетин 31 миң 712 адам жуктуруп алды
© Элита плюс

Түркияда акыркы суткада коронавирус илдетин 31 миң 712 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Бүгүн, 9-декабрга карата 31 миң 712 адам COVID-19 жуктуруп алса, тилекке каршы, 217 бейтап каза болду. Ал эми 5901 бейтаптын абалы оор. Түркиянын бир катар аймактарында, анын ичинде Стамбулда коронавирус пандемиясы үчүнчү чокусуна жетти. Акыркы бир жумада өлкөдө коронавирустун жаңы учурлары жана андан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчтөрү бир нече жолу катталды", - деп айтылат маалыматта.