Саясат
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда
© Элита плюс

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн курч кырдаалга карата өз тынчсыздануусун билдирет.

ТүркПА бардык саясий топторго жана жарандарга Кыргызстандын эли тарабынан шайланган президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү мыйзамдуу алкакка кайтаруу аракеттерине биригүүгө чакырат.

"Кыргыз Республикасы ТүркПАнын мүчө өлкөсү болуу менен бирге түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара аракетинде маанилүү ролду ойнойт жана мамлекеттин саясий туруктуулугу аймактын коопсуздугунда олуттуу фактор болуп саналат. ТүркПА Кыргыз Республикасындагы кырдаал кыска мөөнөттө КР Конституциясынын негизинде жана мыйзам алкагында турукташтырыларына үмүт артат", - деп айтылат маалыматта.