Парламент
Төрөбай Зулпукаров: Кыргызстандын бардык жерин кичи мекенибиздей сүйөлү!
Элита плюс
Сентябрь 14, 2020 г.
Төрөбай Зулпукаров: Кыргызстандын бардык жерин кичи мекенибиздей сүйөлү!
© Элита плюс
Төрөбай Зулпукаров: Кыргызстандын бардык жерин кичи мекенибиздей сүйөлү!
© Элита плюс
Төрөбай Зулпукаров: Кыргызстандын бардык жерин кичи мекенибиздей сүйөлү!
© Элита плюс

Төрөбай Зулпукаров: Кыргызстандын бардык жерин кичи мекенибиздей сүйөлү! Бул тууралуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров 13-сентябрда Сокулуктун эли менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

«4-октябрь - тагдырдын тарыхында өзгөрүү болчу күн» - деп баштады сөзүн Т. Зулпукаров. «Биримдик» - жаңы партия! «Биримдик» партиясы 2019-жылдын 10-сентябрында түзүлдү. Биздин катарыбызда жалпы Кыргызстандын эли бар. Биз саясий көз карашына, улутуна, туткан динине караган жокпуз. «Биз силерге кошулалы» деген принцип менен чогулдук», - деди.
Андан ары Т. Зулпукаров партиянын катарында өкмөттү курууга жөндөмдүү адамдар бардыгын, партиянын программасы жөнөкөй элге түшүнүктүү, жеткиликтүү жазылып, так, анык, өлкөбүздүн келечегин көрсөтүп турган программа экенин айтты.
«Атаандаштар тарабынан ар кандай сындар айтыла берет. Бүгүн «Биримдик» деген фракция Жогорку Кеңеште жок. Бирок негедир айрым партиялар бийликтин партиясы, келечектеги бийликти түзүүчү партия катары сыпатташып, өздөрүнүн утула тургандыктарын моюндап жатышат. Башкача айтканда, кайсы партия күчтүү болсо, ага сын айтылып, талкуу көп болот экен», - деди партия төрагасынын орун басары.
 
«Азыр 30 жылдан бери бийлик эмне кылды деп, 30 жыл мурдагы иштерди «Биримдик» партиясына байлаганы жатышат. Отуз жыл мурда биздин тизмени баштап бараткан Акылбек Жамангулов 2 жаштагы бала болчу. Отуз жыл мурда Улукбек Кочкоров менен Төрөбай Зулпукаров мектеп окуучулары болушса, Аида Касымалиева 6 жаштагы секелек кыз эле», - деди.
Буларды айткан Төрөбай Зулпукаров Акылбек Жамангуловдун «Мегаком» компаниясын салык, киреше түшүрүү жагынан №1 ишканага айландырып, мамлекет начар менеджер дегенди жокко чыгарганын айтса, Улукбек Кочкоровдун социалдык өнүктүрүү министри катары мыкты иштеп, буга чейин бир да министр кыла албаган иштерди кылганына токтолду. Анын белгилөөсүндө, Улукбек Кочкоров министрликтеги 1 млрд. сомго жакын туура эмес иштелип, уурдалып жаткан акчаны туура багытка буруп, пенсия,
жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө бура алды. Бул акчанын эсебинен бүгүкү күндө аз камсыз болгон, майыптыгы бар үй-бүлөлөр, 100 миңдеген балдар социалдык жөлөк пулдарды алышууда.
 
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү