Коом
Транспорт салыгын төлөө уланууда
Элита плюс
Сентябрь 11, 2020 г.
Транспорт салыгын төлөө уланууда
© Элита плюс

Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан берки 10 күндүн ичинде жарандар 158,5 млн сом салык төлөштү. Жыл башынан бери жалпы 685,5 млн сом транспорт салыгы чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. МСКдан кабарлашкандай, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыкты башкаруу дагы да улантылууда. Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн административдик айып жана туум төлөөгө мажбур болушат. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 1000 сомду, юридикалык жактар үчүн – 5000 сомду түзөт. Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлерин туумдун көп эсептелбеши максатында салыкты азыр төлөөгө чакырат.