Коом
Товарларды эсепке алуу бекеттери иштейт
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Товарларды эсепке алуу бекеттери иштейт
© Элита плюс

Эки эл аралык аэропортто жана 4 темир жол станциясында Кыргызстанга товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу боюнча бекеттер иштеп баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Эсепке алуу пункттарынын ишке кириши өкмөттүн 21-августта кабыл алган токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө. Товарларды эсепке алуу бекеттери "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда, "Кара-Балта", "Аламүдүн", "Кара-Суу”, "Бишкек-1" темир жол станцияларында ачылат. Буга байланыштуу, темир жол же аба транспорттору менен товарларды ташып келүүчү импорттоочулар ташып келинген жүктөрүнө болгон документтерин андан ары салык төлөө үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке коюуга милдеттүү болот.