Коом
Тоостор адамдарды жыландардан коргошот
Элита плюс
Март 25, 2023 г.
Тоостор адамдарды жыландардан коргошот
© Элита плюс
Тоостор адамдарды жыландардан коргошот
© Элита плюс
Тоостор адамдарды жыландардан коргошот
© Элита плюс
Тоостор адамдарды жыландардан коргошот
© Элита плюс

 “Бишкек” эркин экономикалык аймагында өлкөдө сейрек кездешкен эң кооз  тоос (павлин) канаттуулары багылат. Бул канаттуулар тууралуу “Бишкек” ЭЭАсынын жашылдандыруу бөлүмүнүн башкы адиси Муратбек Эшалиев маек куруп берди.

-Муратбек Касымбекович, тоос канаттуулары боюнча кандай кызыктуу маалыматтарды билесиз?      

- Биз “павлин” деп көнүп алган канаттуунун кыргызча аты - тоос. Булар тоок сымалдар, анын ичинен кыргоол түркүмүнө кирет. Тоостордун 3000 жылдан бери табиятта орду бар. Индияда бул канаттууну өтө баалашат. 1963-жылдан бери Индиянын мамлекеттик расмий символу болуп да саналат. Байлыкты даңазалоочу канаттуу катары үйлөрүндө багылып, модага айланган. Эти чүйгүн тамак (деликатес) катары дасторконго коюлат. Анын орточо салмагы 4 кг болот. Тоостордун канат-куйруктарын аялдардын жана үйлөрдүн жасалгаларына колдонсо болот. Эркектеринин куйрук талдарындагы канаттарынын узундугу 100-150 сантиметрге чейин жетет. Индияда бай адамдар тоосторду хан сарайлардын көркүн чыгаруу үчүн багышат экен.

-Бул канаттуулар “Бишкек” ЭЭАсына кандай максатта жана качан сатылып алынган?

 -Бул канаттууларды сатып, бизнес кылуу максатында эмес, “Бишкек” ЭЭАсынын аймагында күнү-түнү иш менен алектенген адамдарга жана сырттан келген инвесторлорго жогоруда айткандай жагымдуу маанай, кооздук тартуулоо максатында 2014-жылы сатып алганбыз. Тоостор бир жылда 3 жолу жупташышат. Жупташуу мезгилинде эркектеринин куйругундагы канаттарынын өңү өзгөчө кулпуруп, кооз канаттарын жайып, сөз менен жеткире алгыс кооздук тартуулашат. Ургаачылары болсо 6-7ден жумуртка туушат жана аны бир айда балапан басып чыгарышат. Балапан чоңоюп, үч жылдан кийин тукум улоого жарап калат. Биздин мекемедеги тоостор жылдан жылга көбөйүп, быйыл алардын саны 29га жетти. Бирок, тогузу гана ураачы, калган 20 сы короздору болгондуктан, 16-17дей эркек тоос канаттуусун сатып алууну көздөгөн кардарларга келишимдик баада сатып жиберсек деген ниеттебиз. Эгерде тоос багууга кызыгып, корозун издеп жаткандар болсо 0707 27 77 64 номерине чалып байланыша болот.

-Жакшы көргөн тамагы жем болсо керек...

-Тоостордун бир жакшы жагы тамак тандашпайт. Тоок сымал сойлоп жүргөн курт-кумурускаларды, чөп-чарларды жешет. Бир өзгөчөлүгү адам баласын жыландардан коргошот экен. Индияда токой, суу таштарга жакын жайгашкан айылдарда тоостор жаш кобраларды өлтүрүп, жеп, адамдарды коргогондуктан, аларды адамдар да абдан жакшы көрүшөт дешет.