Коом
Тоолу аймактарда сел жүрөт
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
Тоолу аймактарда сел жүрөт
© Элита плюс

13-14-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

14-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болот.