Президент
Толгонай Стамалиева: "Президент мамлекет укуктук жолго кайтып келээри менен кызматтан кетет"
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
Толгонай Стамалиева: "Президент мамлекет укуктук жолго кайтып келээри менен кызматтан кетет"
© Элита плюс

Сооронбай Жээнбеков өлкө мыйзам жолуна түшкөндө кызматтан кетүүгө даяр. Мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева «24.kg» агенттигине берген маегинде президент өзүнүн сөзүнөн кайтпай турганын белгиледи.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзүнө комментарий бере албайт. Жапаров бүгүн парламенттин чукул сессиясында жетинчи чакырылыштагы парламент шайланганга чейин иштей турган техникалык өкмөт бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын башчысы кызматтан кетерин айткан. 

“Бирок, президент буга чейин айткандай, мамлекет укуктук жолго кайтып келээри менен кызматтан кетет”, – деди Толгонай Стамалиева.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекиди.

Булак:  "Элдик медиа"