Медицина
Толгонай КОКОЕВА, тиш дарыгери: “Бахиланы башына кийип дегеле болбойт күзгүгө каранып...”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Толгонай КОКОЕВА, тиш дарыгери:  “Бахиланы башына кийип дегеле болбойт күзгүгө каранып...”
© Элита плюс
Толгонай КОКОЕВА, тиш дарыгери:  “Бахиланы башына кийип дегеле болбойт күзгүгө каранып...”
© Элита плюс
Толгонай КОКОЕВА, тиш дарыгери:  “Бахиланы башына кийип дегеле болбойт күзгүгө каранып...”
© Элита плюс
Толгонай КОКОЕВА, тиш дарыгери:  “Бахиланы башына кийип дегеле болбойт күзгүгө каранып...”
© Элита плюс
Толгонай КОКОЕВА, тиш дарыгери:  “Бахиланы башына кийип дегеле болбойт күзгүгө каранып...”
© Элита плюс

Кыргызда “Тишиң барда таш чайна, тишиң түшүп калган соң таш эмес, сага аш кайда” деген сөз бар. Анын сыңарындай, анчалык маани бербегенибиз менен тиш адамдын жашоосунда маанилүү ишти аткарат. Тамак-ашты тиштөө жана майдалоо милдетин аткарган тиш - адамдын көркү, сулуулугу. Биз бүгүн тишти сактоонун, дарылоонун жолдорун сурап, балдардын тиш дарыгери Толгонай Кокоевага кайрылып маек курдук.

  • Толгонай Мүзүрбековна, тиш дарыгери болууңузга эмне түрткү болгон жана канча жылдан бери тиш дарылоо менен алектенип келесиз?

  • Кичинекей кезибизде бардык эле балдардай тишим ооруп ата-энем дарыгерге көп алып барышчу. Ошондон улам бул тармакка кызыгуум күчөп дарыгер болууну кыялданып жүрдүм. Дарыгерлердин аппак халат кийип таза жерде иштегени өзгөчө жакчу. Ошентип, дарыгер болууну максат коюп медицина тармагына тиешелүү болгон бардык сабактарды жакшы окуп, өзүмчө эле изденип, айтор, акырындык менен бул тармактын адиси болууга даярдана баштадым. Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин медициналык окуу жайга тапшырганы бардым. Барсам, медицинанын дарылоо, педиатрия сыяктуу башка бөлүмдөрүнө 9-10 жыл окуш керек экен. Мындай узак убакыт кыз баланын жеке жашоосуна баары бир тоскоолдук жаратпай койбойт эмеспи. “Сен эртерээк турмушка чыгып, эне болушуң керек. Кечке окуп жүрө берсең, убактың өтүп кетет” деп ата-энем да кеңеш беришти. Анын үстүнө адам баласынын айрым органдары бир-экиден болсо, ооз көңдөйдө 32 тиш болгондуктан кардарлар тиш дарыгерине көбүрөөк кайрылса керек деп ойлодум. Ошентип, ойлонуп Стомфакультетке тапшырып, беш жыл окуп тиш дарыгери адистигине ээ болгом. Кесибим менен иштеп жатканыма быйыл жети жыл болду. Ал эми жеке клиникада 2014-жылдан бери иштеп келем.

  • Алгачкы иш күнүңүз эсиңизде болсо керек?

  • Албетте, эсимде. Балык жеп отуруп кылканы тамагына сайылып калган адам аны алып чыгуумду суранып келди. Алгачкы иш күнүм болгондуктан калтырап, аябай коркуп жатып тамагындагы кылканды пинцет менен сууруп чыккам. Иш күнү аяктап үйгө келгенде үйдөгүлөргө кечке мактанып айтып бүтө албай, чоң иш кылгансып өзүмө аябай ыраазы болгонум эсимде.

  • Жумуш учурунда күлкүлүү же таң калычтуу окуялар көп эле болсо керек?

  • Ооба. Менин бир дайым келип туруучу туруктуу кардарым бар. Тиш дарыгерине келүүгө башында аябай коркчу. Кийин көнүп калды окшойт, эртең менен келеби же түштө келеби, айырмасы жок, креслого отурары менен эле уктап калат. Мен байкени улам ойготуп: “Башкалар качан ооруйт деп коркуп отурса, сиз уктап калганыңыз кандай?” - деп тамашалап калчумун. Чынында, ушул киши аябай таң калтырат. Дагы бир кызык окуя эсиме түшүп кетти. Бул жерге жаңыдан жумушка орношкондо бир орус улутундагы 20 жаштардагы кыз келди. Биз ага бахила кийип алышын сурандык. Бир маалда карасак, ал күзгүнүн алдында бутка кийген бахиланы башына кийип алып түздөнүп жатыптыр. Биз бири-бирибизди карап алып аябай күлгөнбүз. Айтор, ушундай кызыктуу окуялар көп эле болуп турат.

  • Балдардын тиш дарыгери экенсиз, ата-энелер балдарынын тишине кандай көнүл бурат?

  • Балдарынын тишин жулуп салганга даяр ата-энелер иш тажрыйбамда көп кездешет. Алар сүт тиштердин нерви жок, тамыры болбойт деген ойдо болушат. Ошондон улам “сүт тиштердин ордуна кайра тиш чыгат да, жулуп эле салбайсызбы?” деп айтышат. Бирок бул туура эмес, жаңылыш ой. Сүт тиштердин дагы кадимкидей эле тамыры да, нерви да болот. Болгону алар түшөргө жакын тамырларынан ажырап түшкөнгө даярданат. Андыктан кийин ордуна кайра чыгат да, тишин алып салалы деп дароо эле тиш жулдурганга шашпай, алгач рентген аппаратына тартып көрүү керек. Себеби кээ бир балдарда сүт тиштеринин артында дайымкы чыга турган тиши жок болуп калышы мүмкүн. Андайда сүт тишин дарылап, аны сактап калганга аракет кылабыз. Ушул нерселерди ар бир ата-эне жакшылап түшүнүүсү зарыл. Дагы бир кошумчалай кетүүчү нерсе, баланын сүт тиштерин эртерээк жулуп койсо, дайымкы азуулары чыгып жатканда ордуларынан жылышып, тиштери кыйшык чыгып калышы мүмкүн. Жыйынтыгында ортодонтикалык аппаратты кийгенге бала муктаж болуп калат. Негизи ар бир тиштин өзүнүн убактысы бар, андыктан ата-эне адистен жакшылап кеңеш алуу керек. Бирок мурда кыргыздар дароо эле жулдурганга шашса, акыркы жылдары тиш оорунун алдын алып, сактоого үйрөнүштү. Бул бизди абдан кубандырат.

  • Балдардын тиш дарыгери болуу оор болсо керек?

  • Ооба, кичинекей балдар менен иштөө, чынында, оор. Албетте, бизге келген ар бир бала оозун ачып бербейт. Ошондуктан алар менен алгач мамиле түзүп, жакшы атмосфераны жаратып алып, андан кийин гана тишине киришүү керек болот. Менин бир кардарым бар болчу, ошол эсимде. Тиши ооруп кыйналган кичинекей баланы алып келишкен. Тишин тазалап жатып улам оорубагандыгын сурап коём. Ал оорубагандыгын айтат. Мен улам текшерип, сурап коём. Ал: “Ооруган жок”, - дейт. Ошентип, нервге де жеттик, баягы бала дагы деле унчукпайт. Негизи нервге жеткенде чыдатпай ооруш керек эле. Анан өзүм эле сезип дары коюп жөнөтүп жибердим. Эки суткадан кийин кайра келиши керек болчу, апасы менен келиптир. Келе жатканда: “Эжеге айтып коюңузчу, оорутпай дарыласын”, - дегенин апасы мага айтып жатпайбы. Көрсө, ооруса да чыдап отура бериптир. Нервге жетсе да ыйлабай, оозун жаппай, чыдап отуруп бергени мени таң калтырды. Кардарларымдын арасынан болгону 5 жаштагы бала чыдамкайлыгы менен эсимде калган. Болбосо кээде чоң кишилер да бир аз ооруга чыдашпайт.

  • Тиши менен мык сууруп, унаа сүйрөп, айтор, тиштин арты менен ар кандай өнөрлөрүн тартуулагандарга оюңуз кандай?

  • Ар бир адамда эле мындай өнөр болбойт, андыктан аларга көз карашым түз. Ага өтө чоң мээнет жана көп жылдык машыгуу керек. Ар бир булчуңду машыктырып, үйрөтүү талап кылынат. Бирок дарыгер катары бул өнөрдү жакшы дей албайм.

  • Айрымдар тиш дарылатканы келип оору жуктуруп алганын айтып даттанышат. Чын эле ушундай учурлар болобу, негизи аспаптар кандай жолдор менен жана канча убакытта бир тазалоодон өтүп турушу керек?

  • Ооба, чынында, оору жуктуруп алган учурлар кездешпей койбойт. Ар бир кардардын ден соолугу бизге аманат. Ошондуктан дарылоого кылдат көңүл бөлүп, ар бирине өзүнчө аспап колдонобуз. Ар бир кардардан кийин тазалоодон өткөрөбүз. Медайымдар аспаптарды алты саат бою растворго чылашат. Андан кийин жууп, кургатып, жогорку температурадагы шкафтарга салынып, стерилизациядан өткөрүшөт. Мына ушундай процесстерден кийин гана кийинки кардарга колдонулат. Башка тиш дарылоо эмканаларында кандай, билбейм, бирок бизде ушундай талап бар жана ал так сакталат.

  • Дарыгер катары тишти сактоо боюнча кандай кеңештерди айта аласыз?

  • Негизи ар алты айда бир тишти текшертип, дарыгерге кайрылып туруу зарыл. Бул адамдын өзүнө да жакшы, бизге да жеңил болот. Тилекке каршы, убагында кайрылышпайт, анын айынан кыйналып калышууда. Чынында, ден соолук - табылгыс байлык. Андыктан ден соолугуңарга убагында көнүл буруп, өзүңөргө кам көргүлө.

  • Эми кеп нугун өзүңүзгө бурсак, ата-эне, үй-бүлөңүз туурасында айтып берсеңиз.

  • Ата-энем соода тармагында эмгектенишет. Биз кичинекей кезибизде соода иштери менен Орусияда да эмгектенип келишкен. Ошондон улам биз чоң атамдын колунда чоң энемдин тарбиясын алып чоңойдук. Биз төрт бир тууганбыз, мен улуусумун. Жолдошум экөөбүз беш жылдан ашык сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Быйыл чогуу жашаганыбызга, буюрса, он жыл болот. Үч уул, эки кызды тарбиялап жатабыз. Түшүнүктүү, үй-бүлөгө камкор, жакшы өмүрлүк жолдошко туш болгон тагдырыма ыраазымын. Студент кезде турмушка чыгып, жолдошумдун колдоосу менен окуумду ийгиликтүү аяктадым. Азыр да ишимди түшүнүү менен карап, колдоп турат. Ошондуктан үй-бүлө менен жумушту бирдей алып үзгүлтүксүз иштеп келе жатам.