Коом
Токтогул суу сактагычындагы толгон суунун көлөмү
Элита плюс
Август 20, 2020 г.
Токтогул суу сактагычындагы толгон суунун көлөмү
© Элита плюс

Ушул тапта Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун деңгээли 14 миллиард 582 миллион кубометрди түздү. Суунун орточо агымы секундасына 590 кубметрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 335  кубометрге жетүүдө. Суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.