Коом
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 69 млн куб метрге жетти
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 69 млн куб метрге жетти
© Элита плюс

Бүгүн, 10-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 69 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 470 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 325 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.