Коом
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 164 млн куб метрди түздү
Элита плюс
Сентябрь 23, 2020 г.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 164 млн куб метрди түздү
© Элита плюс

Бүгүн, 23-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 164 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 351 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 235 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.