Коом
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз
© Элита плюс

Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун деңгээли 14 миллиард 214 миллион кубометрди түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард 388 миллион кубометрге аз. Агып кирген суунун көлөмү секундасына 842 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 421 метр кубга жетүүдө. Былтыр ушул маалда Токтогул суу сактагычында 16 миллиард 603 миллион метр кубдан ашуун суу болгон. Суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы кардын жана мөңгүнүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп майдан сентябрга чейинки убакыт эсептелет.