Коом
Токтогул суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 млрд 101 млн куб метрге жетти
Элита плюс
Сентябрь 14, 2020 г.
Токтогул суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 млрд 101 млн куб метрге жетти
© Элита плюс

 Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 373 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 286 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.