Коом
Токтогул суу сактагычында суунун чыгышы 5 эсе көп болууда
Элита плюс
Декабрь 18, 2020 г.
Токтогул суу сактагычында суунун чыгышы 5 эсе көп болууда
© Элита плюс

Өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып киргенинен агып чыгышы 5 эсе көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 18-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 935 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 150 метр куб, агып чыгышы 794 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.