Коом
Токтогул суу сактагычында суу көбөйдү
Элита плюс
Сентябрь 11, 2020 г.
Токтогул суу сактагычында суу көбөйдү
© Элита плюс

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11-сентябрга карата 15 млрд 79 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасы билдирет. Суунун агып келүүсү секундасына 433 куб метрди түзүүдө, агып чыгуусу секундасына 317 куб метр. Былтыр бул мезгилде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд 90 млн куб метр болчу. Быйыл август айында 14 млрд 609 млн куб метрди түзгөн.