Коом
Токтогул районунда 43 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү гашиш табылды
Элита плюс
Ноябрь 29, 2022 г.
Токтогул районунда 43 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү гашиш табылды
© Элита плюс

Токтогул районунда 43 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, Токтогул районунда баңгизатын Бишкек шаарына алып барып сатууга ниеттенген жүргүнчү олтурган автоунаа токтотулган. Кызматкерлер тарабынан автоунаанын багаж бөлүгүн тинтүү учурунда скотч менен оролгон кара куурайдай өзгөчө жыты бар  зат салынган кара чарчы баштыкча  алынган.

Баштыкчаны ачууда 168 даана кочкул-жашыл түстөгү ар кандай формадагы заттар табылып, алар Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын тургуну 43 жаштагы  С.Р. аттуу жаранына таандык болгондугу аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык алынган баңгизаттын жалпы салмагы 1 кг 776 грамм “гашиш” болгон. Кылмышка шектүү С.Р. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.