Саясат
Токон МАМЫТОВ: “Талибдердин Орто Азияга кол салганы бул Россияга, Кытайга кол салганы”
Элита плюс
Август 24, 2021 г.
Токон МАМЫТОВ:   “Талибдердин Орто Азияга кол салганы бул Россияга, Кытайга кол салганы”
© Элита плюс

Ооганстандагы окуялар орун алгандан бери коомчулук арасындагы “Талибан” кыймылы бийлигин түптөп алган соң социалдык тармактарга чыгып, интернет сайттар аркылуу өз идеологияларын жайылтып, өздөрүнө азгырып, алдап, жаңы адамдарды чакырып, катарларын арбытат. Алар шакирттерди даярдаса, ал шакирттери билинбей расмий түрдө качкындарга кошулуп, башка мамлекетке өтүп кетип, тымызын террордук акцияларга катышып, аны жасоого аракеттениши ыктымал” деген пикирлер элди ойго салып жаткандыктан, бул кырдаал туурасында ой бөлүшүү үчүн КРнын Акыйкатчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытовду кепке тарттык.

-   Токон Болотбекович, Ооганстанды басып алган талибдер келечекте Орто Азияга, Кыргыз Республикасына терс таасирин тийгизбейби?

- Келечекте терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, азыркы тапта бул анчалык деле кыргыз мамлекетине, Орто Азияга кандайдыр бир коопсуздук маселелерин жаратпайт. Орто Азияга кириш үчүн аларга ресурстар (акча, экономика, курал, диний, саясий ж.б.у.с.) керек. Ушул ресурстар алардын колунда болсо алар бүгүн деле Орто Азия жана Кыргыз Республикасына кирип келишет. Бул маселе ресурска байланыштуу. Талибдердин Орто Азияга кол салганы бул Россия менен Кытайга кол салганы болуп эсептелет. Талибдер 1997-жылы сентябрда мындан туура 25 жыл мурда Ооганстанда бийликке келишкен. Бирок, беш жылга жетпей кайра бийликтен кубаланып кетишкен. Ушундан улам, булар бийликке келээрдин алдында жетекчилери менен кеңешип “бийликке келебиз, бийликти алабыз” дешкен. Кеп бийликти алууда эмес, кеп ошол бийликти алган соң аны сактап калууда. Аны сактап калыш үчүн алгач кандайдыр бир социалдык – экономикалык программа болушу керек. Динге негизделген идеологиябы же башка бир көз караштарга багытталган идеологиябы, айтор бир идеология болушу шарт. Булардын идеологиясы динге негизделген. Андыктан, ошол элди бириктирип, өлкөнү өнүктүрүп-өстүргөн, социалдык-экономикалык маселерди чечкен идеология керек деп ойлонушууда. Ушул идеологиянын негизинде булар ички жана сырткы саясатты иштеп чыгышы зарыл. Себеби, мурда бийликке келишкенде булар динди эле алып, башка нерселер калып калган. Эл аралык деңгээлге умтулушкан, бирок, убактысы жетпей, башкача айтканда дүйнө жүзү тааныбай койгон. Болгону үч мамлекет гана тааныган. Мындай шартта жок дегенде коңшу жайгашкан 10-15 мамлекет таанышы керек. Ошол себептен, талибдер өткөн кемчиликтеринен жыйынтык чыгарып, сабак алышы абзел. Өлкө ичиндеги ар кандай диний, аскердик – саясий күчтөрдү бириктире алган эмес. Кыскасы элдин көйгөйүн чечип, тышкы жана ички саясатты туура алып кете алышпай койгон. Мунун баары кризиске алып келип, аягында эл аралык уюм, башка өнүккөн мамлекеттердин соккусунан 2001-жылы күзүндө бийликтен кулатылып, чилдей тарашкан. Эми 20 жылдан кийин бийликке келишти. Талибдер алгач өткөндөн сабак алып, анализдеп, жыйынтык жасап, бийлигин бекемдеп, түптөөгө тийиш.

- Демек, 2001-жылдагыдай абалга жетпейли деген аракетте иш алып барышы зарылбы?

- Албетте. Экинчи жолу бийликке келип туруктуулукту сактай албасак, элдин турмушун оңдобосок, кошуна мамлекеттер менен тил табышбасак, эл аралык уюмдар менен карым-катнаш болбосо, Ооган мамлекетинин кызыкчылыгын коргой албасак, бизди айдап чыгышат деп коркушат. Эгер мындай кырдаал кайталанса талибандын динде да, саясатта да келечеги жок болот. Булар ислам дининин астында бараткан соң исламга чоң көө жабабыз деп ойлонушу керек. Учурда алгачкы жарыялары мурдагыдан айырмаланып башкача болууда.

- Талибан” кыймылынын ичинде өнөктөш дагы көп агымдар бар. Булар ич ара өздөрүнчө ынтымакка келе алышаар бекен?

 - “Талибан” кыймылы 1994-жылы уюшулган. Бирок, учурда ошондогудай бирдиктүү кыймыл эмес. Азыр сиз айткандай аларда бир нече агымдар бар. Булар дагы “улуу муун” жана “кичи муун” деп бөлүнүшөт, башкача айтканда – мелүүндүү жана радикалдуу. Алардын Ооганстандын өнүгүшүнө, динге, саясатка, эл аралык саясатка көз караштары бөлөк. Андыктан, алгачкы аракети бийлик бутактарын тактайт, шайлайт, аныктайт. Ооган эли эки гана бийликти тааныйт. Биринчиси – легитимдүү, ооган эли шайлаган бийлик, экинчиси – атасынан баласына өткөн хан же эмир бийлиги. Ушундан улам, сырттан таңуулап, идеологияны алып барып, “мындай жашагыла” дегенди эч качан ооган эли кабыл албайт. Минтип баргандардын бардыгынын талкаланганы ошондон. “Талибан” кыймылына тажик, түркмөн, өзбек сыяктуу 10-15 улуттун өкүлдөрү кошулган. Эми алардын барынын башын бириктириши керек. Анан өздөрү бирикпей туруп, элди кантип бириктирет? Элди бириктире албаган соң Ооганстанды кантип өнүктүрөт? Элдин маселелерин кантип чечет? Ошондуктан, булар ушул ички маселелерин чечкенге убакыт коротот.

- “Талибандын” ошол өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрү баш бербей, коңшу мамлекеттерге зыян келтирбейт деп эч ким кепилдик бере албайт да, туурабы?

- Туура. Бул өтө коркунучтуу. Талибдер менен кошо жүрүп, согушка катышып, азыркы бийликке келгендердин арасында көп талаа командирлери жана отряддар бар. Алар учурда да талибандардын жетекчисин тааныбайт. Айрымдары менен карама-каршы. Алар дагы күчтүү куралданган топтор, диндин негизинде булар менен жеңишке жетишти. Ушундан улам баш аламандык болуп, баш ийбеши мүмкүн. Биз үчүн мына ошолор коркунучтуу. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү, Орто Азия, анын ичинде Кыргыз Республикасы Ооганстандын ичиндеги ушул карама-каршы келген күчтөрдөн, отряддардан кооптонсо болот. “Талибандар” өздөрү чабуулга барбайт. Бирок, ичиндеги эч кимге баш ийбеген талаа командирлери Түркмөнстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын чек арасына чабуулга өтүшү мүмкүн. Аларга мындайча айтканда баш аламандык керек. Баш аламандык канчалык көпкө созулса, ошончолук ошол командирлерге олжо. Ошондой эле, бүгүнкү күндө Ооганстандын мурдагы вице-президенти А.Салех, согушчан кыймылдын жетекчиси Ахмад Масуд жана башкалар ооган элин талибдерге каршы алып чыгууну жарыялашты. Бул топко дагы биз көзөмөл жүргүзүп турушубуз керек.

- Бирин-серин талибдерге аралашып Иракта, Сирияда, Пакистанда жүргөн биздин жарандар дагы бардыр. Ушулар “качкынбыз” деп өлкөгө кирип кетүү коркунучу барбы?

- Ал нерсе болот. Андыктан, көзөмөл катуу болушу керек. Ооганстандагы азыркы бийликке баш ийбеген талаа командирлеринин оюнда эмне бар? Ошолор чабуулга өтпөйбү, өтсө кайсы жерден, кандай күч менен өтөт. Мунун баарын биз анализдеп, көзөмөлдөп, карап турушубуз шарт. “Сактыкта кордук жок” демекчи, алдын ала сактанбаса болбойт. Ар нерсени тыкыр карап, көзөмөлдөп туруу кажет.

- Кыргыз бийлигине Ооганстандан алып кетүү боюнча кайрылгандар көп болуп жатат. Аларды алып келүүнүн кажети барбы?

- Эгер чындап алар биздин жаран, этникалык кыргыз болсо, албетте, алып келишибиз керек. Келгенден кийин эмне себептен кеткен, ал жакта эмне кылып, ким менен жүрдү. Терроризм, экстремизмге байланышы жокпу, айтор, баарын такташыбыз зарыл. Балким, алар биздин жарандар эмес. Ошондуктан, мындай учурда абдан кылдаттык талап кылынат.

Жазгүл КАРБОСОВА