Аймактар
Токмоктогу оорукананын курулушу аяктап калды
Элита плюс
Сентябрь 22, 2020 г.
Токмоктогу оорукананын курулушу аяктап калды
© Элита плюс

Токмок шаарындагы оорукананын оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Объектинин капиталдык оңдоп-түзөөсү июль айында башталган, ал эми долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы 63 млн 682 миң сомду түзүп, 45 млн 700 миң сому жумшалды.

«Имараттын жана откананын эски чатыры менен электр тутумдары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдетүү, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган. Андан сырткары, ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган», — деп айтылат маалыматта.

Оорукананын оңдоо иштерин сентябрь айынын аягына чейин бүткөрүү пландаштырылган.