Дүйнөдө
Токиодо Олимпиада 2021-жылы өтөт
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Токиодо Олимпиада 2021-жылы өтөт
© Элита плюс

Келерки жылы Токиодо Олимпиада коронавируска карабастан өтөт. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин вице-президенти Джон Коутс билдиргенин маалымат булактары жазып чыкты. "Олимпиада коронавирус шартында деле өтөт. Оюндар кийинки жылдын 23-июлунда башталат", - деди Коутс. Июлдун аягында Эл аралык олимпиада комитети Токиодогу олимп оюндарын коронавирустан улам көрүүчүлөрсүз өткөрүү маселесин карап жатканын айтты. 24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган. Муну менен тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөргөн.