Спорт
ТОКИО-2021: Кыргызстандык балдардар олимриадага барышат
Элита плюс
Июль 22, 2020 г.
ТОКИО-2021: Кыргызстандык балдардар олимриадага барышат
© Элита плюс

Токиодо өтүүчү Олимпиадага катышуу үчүн лицензия алган Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 2021-жылдын 3-августунда таймашка чыгат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Токио-2021 Олимпиадасынын уюштуруу комитети мелдештердин өзгөртүлгөн программасын жарыялаган. Ага ылайык, дүйнө чемпиону, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмактагы балбандар келери жылдын 3-августунда килемге чыгат. Грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков ошол күнү күрөшөт. Жаңыланган жадыбал боюнча спорттук күрөштөр 7 күнгө, 1-августтан 7-августка чейин созулат. Ар бир салмакта 16 катышуучу бар. 1-августта грек-рим күрөшүнүн 60, 130 килограмм салмактагы балбандары, кыздар күрөшүнөн 76 килограмм салмактагылар кармашка чыгышат. Эркин күрөш чеберлери 4-августтан тарта күч сынашмакчы.