Саясат
Токаев менен Путин кыргыз элин майрамы менен куттуктады
Элита плюс
Август 31, 2020 г.
Токаев менен Путин кыргыз элин майрамы менен куттуктады
© Элита плюс
Кыргызстан мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынчалыгын жарыялаганына 29 жыл толду. Жул сайын 31-августта Эгемендүүлүк майрамы белгиленет.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын өлкө бшчысы Касым-Жомарт ТокаевКыргызстан элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик маанайда өнүгүүдө. Эки тараптуу саясий диалог, түрдүү тармактардагы жемиштүү кызматташтык, ошондой эле ЕврАзЭБ, ЖККУ жана ШКУнун алкагындагы аракеттерди координациялоо кеңейип жатат.

Биргелешкен аракеттер менен биз кыргыз-россия байланыштарын мындан ары өркүндөтүүнү, коркунучтарга жана эл аралык коопсуздукка каршы чакырыктарга, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү камсыздайбыз деп ишенем. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берери шексиз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго ден-соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүнүү каалады.

«Биз ак ниет коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстандын мамлекет куруудагы ийгилигин жогору баалайбыз. Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында Кыргызстан жаратман өнүгүү жолу, бардык чакырыктарды, анын ичинде COVID-19 пандемиясын  ишенимдүү жеңип чыгуу боюнча алдыга умтулган аракеттер улантылаарына бекем ишенем.

Азыркы дүйнөдөгү кыйын кырдаалда биздин эки боордош элдин өнүгүүсүндөгү мындан аркы прогресс көбүнесе тарыхый байланыштарыбызды жана өз ара жардамдашуубузду бекемдөөдөн көз каранды. Буга байланыштуу ачык-айкын жана жемиштүү болгон кыргыз-казак саясий, экономикалык жана гуманитардык диалогун кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшүүгө принципиалдуу даярдыгымды тастыктайм.

Эки тараптуу өз ара кызматташууну толук кандуу ишке ашыруу ЕАЭБ алкагындагы евразиялык интеграцияга жана Борбор Азиядагы аймактык кооперацияга да, биздин өлкөлөрүбүзгө да иш жүзүндө пайда алып келет», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековдун жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.