Коом
Тогуз-Тородогу ооруканага Табылгыты айылынын тургундары жардам көрсөтүүдө
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Тогуз-Тородогу ооруканага Табылгыты айылынын тургундары жардам көрсөтүүдө
© Элита плюс

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук ооруканасына дары-дармек жана медициналык каражаттар гуманитардык жардам катары берилди. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын тургуну Жоомарт Кубанычбеков билдирди. Маалыматка ылайык, коронавирустук инфекциянын тез жайылышы менен Кыргызстандагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аймактагы ишкерлер, тургундар жардам көрсөтүүдө. Кубанычбеков билдиргендей, өзүнүн бир тууганы Зухураб Жыргалбеков менен биргеликте аталган аймактык ооруканага 10 даана пульсоксиметр, 2 даана кычкылтек концентратору жана  100 даана респиратор тапшырышкан. Ошондой эле, ал дарыгерлердин эмгегин жогору баалап, терең ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Тогуз-Торо райондук ооруканасынын башкы дарыгери Нуржамал Дүйшееванын айтымына караганда, учурда ооруканада 40тан ашык жаран COVID-19 жана пневмония менен дарыланууда. Мындан сырткары күндүзгү стационарларга алгачкы медициналык жардам сурап кайрылгандар 100дөн ашат. Аларды жалпы 28 дарыгер, 154 медайым тейлөөдө.  

Кошумчалай кетсек, Тогуз-Торо районунун калкынын саны 24 миңден ашат.