Маданият
Тогуз коргоол ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди
Элита плюс
Декабрь 18, 2020 г.
Тогуз коргоол ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди
© Элита плюс

Кыргыздын улуттук, интеллектуалдык жана стратегиялык оюну болгон тогуз коргоол ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине кирди. Бул туурасында ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 17-декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 15-сессиясында кабыл алынган.

"Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык оюн тогуз коргоол, тогуз кумалак, мангала" номинациясы үч мамлекеттин биргелешип алган номинациясы катары саналат. Ал Казакстан, Түркия жана Кыргыз өлкөсү.

Тогуз коргоол - так эсептөөнү, стратегдүү ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган оюндардын бири болуп саналат. Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет.