Коом
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун куруу уланууда
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун куруу уланууда
© Элита плюс

Учурда Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун салуу иштери уланууда. 2019-жылдын 20-декабрында Транспорт жана жол министрлиги жана кыргыз-кытай биргелешкен компаниясы ортосундагы курулуш иштерин аткаруу үчүн келишимге кол койгон. Азыркы учурда Сауд өнүктүрүү фонду жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан ишти аткарып жаткан компанияга курулуш иштерин баштоо үчүн жана мобилизациялоону бүтүрүүгө алдын-ала төлөм берилди. Айдын аягында жер жана дренаж жумуштарын баштоо пландаштырылууда. Жыл аягына чейин узундугу 5 чакырым жер жана дренаж иштери аткарылат. Долбоордун жалпы наркы 33,8 млн. АКШ долларын түзөт.