Коом
Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун I фазасында каралган иштердин 75%ы аяктады.
Элита плюс
Июнь 22, 2020 г.
Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун I фазасында каралган иштердин 75%ы аяктады.
© Элита плюс
Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун I фазасында каралган иштердин 75%ы аяктады.
© Элита плюс
Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун I фазасында каралган иштердин 75%ы аяктады.
© Элита плюс

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун I фазасында каралган иштердин 75%ы аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрилигинин инвестициялык долборлорду ишке ашыруу тобунун инженери Султан Сарыбагышев жергиликтүү маалымат булактарына билдирген. Анын айтымында I фазага ылайык, Казарман — Жалал-Абад жолуна 3800 метрлик тунель казуу каралган. Казуу иштери 2021-жылдын сентябрында аякташы күтүлүүдө.

-2021-жылдын аягына чейин долбоордун I жана II фазасы толук бойдон ишке ашырылат. Бул деген Арал — Казарман, Казарман — Жалал-Абад учактоктору. Учурда Азия өнүктүрүү банкынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен III фаза жасалып жатат. Быйыл масштабдуу иштер башталат. 2023-жылы жолдун 408-чакырымга чейинки бөлүгүндө кыймыл башталат. Ал эми 408-430-чакырымга чейинки жолду каржылоо маселеси толук чечиле элек. Аны чечүү аракети жүрүүдө, — дейт Сарыбагышев.

Белгилей кетсек, түндүк-түштүк альтернативалык жолу 2014-жылы башталган. Учурда негизги куруучу  катары кытайлык «Чайна Роуд» компаниясы ишти жүргүзүүдө. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.