Дүйнөдө
Түркмөнстанда "беткап тагуу" режими киргизилди
Элита плюс
Июль 16, 2020 г.
Түркмөнстанда "беткап тагуу" режими киргизилди
© Элита плюс

Түркмөнстанда, жугуштуу ооруулардын жайылуусунун алдын-алуу максатында, «беткап тагуу» режими киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме жасап жергиликтүү булактар жазды. Мындан ары коомдук жайларда милдетүү түрдө коргоочу беткаптарды тагынуу талап кылынат. Ошондой эле, жүргүнчүлөрдүн санына карабастан, айдоочулар беткап тагып жүрүшү керек. Базар жана ири соода борборлору жабылууда. Бийлик, улгайгандарды зырыл иши болбосо сыртка чыкпоого чакырууда. 15-июлдан тарта Ашхабад менен башка региондордогу байланышты азайтуу максатында автобус каттамдары токтотулду. Жергиликтүу булактар кабарлагандай, эл колдон келишинче кошумча азык-түлүк камсыздап алууга аракет кылып жатышат. Алар вируска караганда, ачка калуудан көбүрөөк коркуп жатышканын жазышууда. Расмий маалыматка ылайык, Түркмөнстанда COVID-19 катталган эмес.
Туркменстан кадрлары бар