Коом
Өткөн жылы дээрлик 6,6 тонна баңгизат алынган
Элита плюс
Январь 20, 2023 г.
Өткөн жылы дээрлик 6,6 тонна баңгизат алынган
© Элита плюс

2022-жылы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 598 кг 528 гр болгон баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен: апийим – 8 кг 813 гр, героин – 76 кг 930 гр, гашиш – 169 кг 600 гр, марихуана – 281 кг 486 гр, прекурсорлор – 5 тонна 793 кг 581 гр, психотроптук заттар – 230 кг 815 гр, кара куурайдын өсүмдүгү – 7 кг 242 гр башка баңгизаттар – 30 кг 60 гр түзгөн.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 12 ай ичинде 463 баңги кылмышы аныкталып, 11 лабораторияга бөгөт коюлган.

Ошондой эле баңгиликти алдын алуу багытында 200дөн ашык иш-чара өткөрүлүп, ал 300 миңден ашуун адамды камтыган.