Медицина
Өткөн суткада өлкөдө 447 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Элита плюс
Май 11, 2021 г.
Өткөн суткада өлкөдө 447 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
© Элита плюс

Республика боюнча өткөн суткада 447 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эмдөө алган 447 адамдын ичинен 335 киши вакцинанын биринчи дозасы, 112 адам экинчи дозасы менен эмдөөдөн өттү.

"Жалпы өлкө аймагында 43 миң 127 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 6 миң 10 адам вакцинанын экинчи дозасы менен эмделди", - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган.