Коом
Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду
Элита плюс
Июль 01, 2020 г.
Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду
© Элита плюс

Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы эркек киши, 67 жаштагы эркек киши), Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши), Москва аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши), кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши) адам коронавирустун кесепетинен каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5735 учур катталды. Илдеттен 2443 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.