Коом
ТИМ: Мекендештерди кайтаруу иштери дагы уланууда
Элита плюс
Август 18, 2020 г.
ТИМ: Мекендештерди кайтаруу иштери дагы уланууда
© Элита плюс

10-17-август күндөрү чартердик аба каттамдар менен Орусиядан 3 миң 915 жаран кайтарылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.«Жалпысынан аба каттамдар убактылуу токтотулгандан баштап Россиянын 21 аймагынан 30 миң 656 мекендеш кайтты. Россиядан 121 аба каттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 95 автобус уюштурулган», — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетүүчү нерсе, чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө чаралары Орусияда улантылууда. Буга байланыштуу, азыркы учурда олуттуу себептери жок Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына киргенге мүмкүнчүлүктөрү жок. Элчилик Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба каттамдар жандана электигин жана орус-казак чек арасы да жабыктыгын эске салат.