Ийгилик сыры
Тилим менен улутмун! Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
Элита плюс
Апрель 19, 2023 г.
Тилим менен улутмун! Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
© Элита плюс
Тилим менен улутмун! Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
© Элита плюс

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

“Сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан”, - деди Раимбачаева.

Депутаттардын тактоочу суроолоруна президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жооп берди.

Ал өз сөзүндө мамлекеттик тилди билүү беш деңгээлде бааланат деди — А1, А2, В1, B2, С1.

“Азыр баары даяр, тесттен өтүп жатышат. Кээ бир министрликтер, министр баш болуп тесттен өтүп жатышат. Айрымдары көңүл кош мамиле кылууда, мыйзам кабыл алынып калса талап күчөйт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сөзсүз тесттен өтүшү керек. Токтомдо жазылып турат, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилди билүүсүнүн деңгээли В1ден төмөн болсо, кызматта иштөөгө акысы жок деген норма бар”, - дейт ал.