Спорт
Тилек ЖЭЭНБЕКОВ, Азия чемпиону, атактуу мушкер: “Максатым - спорт менен байлык топтоо эмес, артымда из калып, элимди даңазалоо”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Тилек ЖЭЭНБЕКОВ, Азия чемпиону, атактуу мушкер:  “Максатым - спорт менен байлык топтоо эмес, артымда из калып, элимди даңазалоо”
© Элита плюс
Тилек ЖЭЭНБЕКОВ, Азия чемпиону, атактуу мушкер:  “Максатым - спорт менен байлык топтоо эмес, артымда из калып, элимди даңазалоо”
© Элита плюс
Тилек ЖЭЭНБЕКОВ, Азия чемпиону, атактуу мушкер:  “Максатым - спорт менен байлык топтоо эмес, артымда из калып, элимди даңазалоо”
© Элита плюс
Тилек ЖЭЭНБЕКОВ, Азия чемпиону, атактуу мушкер:  “Максатым - спорт менен байлык топтоо эмес, артымда из калып, элимди даңазалоо”
© Элита плюс
Тилек ЖЭЭНБЕКОВ, Азия чемпиону, атактуу мушкер:  “Максатым - спорт менен байлык топтоо эмес, артымда из калып, элимди даңазалоо”
© Элита плюс
Тилек ЖЭЭНБЕКОВ, Азия чемпиону, атактуу мушкер:  “Максатым - спорт менен байлык топтоо эмес, артымда из калып, элимди даңазалоо”
© Элита плюс

“Азия арстаны” деген каймана атты бийик көтөргөн элибиздин дагы бир сыймыктуу уулу Тилек Жээнбеков бизде конокто. Баса, 12-майда кыргыз элинин намысын коргоо үчүн эл уулу Тилек Жээнбеков Европадан келген кара терилүү мушкер менен күч сынашат. Андыктан ак бата берип, албан-албан ийгиликтерди каалайлы.

-Тилек мырза, кыргыз желегин желбиреткен сыймыктуу уулдун киндик каны кайда тамган...

-Киндик кан тамган жерим Талас өрөөнү. 1989-жылы 7-мартта Талас районуна караштуу Чат-Базар айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусумун. 2006-жылы А.Оторбаев атындагы орто мектепти аяктаган соң КГУСТАга тапшырып, инженер-программист адистигине ээ болдум. Бишкек шаарына келгенде эле спорт менен машыгууну негизги иш катары кабыл алгам. Анткени спортко болгон кызыгуум бала чактан ойгонгон. Тилекке каршы биздин айылда спорттун бардык түрү жок болгондуктан волейбол, баскетбол ойноп чоңойгом. Борборго келген күндөн тарта кикбокс, самбо өңдүү спорттун түрү менен машыгып ошол мээнеттин түшүмүн азыр алып жатам. Айылдагы байкелер тамаша-чынга салып бизди күрөштүрүп, мушташтырса, аларды утуп алсам, ал жеңиш мага стимул тартуулачу. Келечекте спортко аттанып, ата-энемди кубантсам, кыргыздын желегин бийик көтөрсөм деген бала кезден бери келе жаткан таттуу кыялым эле. Асылдарым атам Жыргалбай Жээнбеков, апам Жаңыл Осмонкуловалар ар дайым мени колдоп, ак баталарын берип турушат. Ата-энемдин амандыгы менин бейишим, Кудайга миң ирет шүгүр кылам. Жараткандан тилегеним асылдарымдын узун өмүрү, бекем ден соолугу. Учурда Бишкек шаарында чогуу турабыз. Келинчегим Алина Момункулова татынакай Рамзан аттуу уулумду төрөп берди. Уулумдун кылыктарына кубанып турган чагыбыз. Буйруса дагы экинчи перзентибизди күтүп жатабыз. Ал эми карындашым Алтынай жашоомдун өзөгүн кармап, ар бир күнүмдү майрамга айланткан маңызым, мына ушул - үй-бүлөм. Жалгыз уул болгондуктан ата-энемди алаканга салып багууга, үй-бүлөмдү коргоого жоопкерчилигим тоодой экенин билем.

  • “Эрежесиз эр мушташтын” соңку болгон мелдеши абдан бийик деңгээлде өттү. Буга чейин жеңилип көрбөгөн украиналык спортчу менен беттешүү оңой болгон жок. Жыйынтыгында кыргыз элине кубаныч тартуулап, жеңиш биз тарапка буйруду. Ушул беттеш тууралуу айтсаңыз?

-Аталган мелдеште Юрий Проценко аттуу Украиналык жигит менен беттештим. Негизи Юрий 2017-жылы Азияда болуп өткөн мелдеште Мурат Хантураев, Мыктыбек Мамасалиев аттуу биздин жигиттерди утуп өзүнүн атын Азияга тараткан. Мелдештин жүрүшүндө Юрий Проценко казак, өзбек, тажик элинин кыжырын кайнатып, ачуусун келтирген учурлар кездешти. Ошол учурда “кантип Орто Азия боюнча бир жигит Проценкону жеңе албайт?” деген суроолор жаралган. Мисалы, Мыктыбек Мамасалиев жакын досум болгондуктан акыркы мелдештеги анын утулуп калуусу мага да катуу тийди, намыстандым. Анткени мен да мындай оор салмакта беттешип келем. Беттештен кийин WEFтин директору Руслан Кыдырмышев менен кеңешип: “Эмне үчүн Азияда Проценкону эч ким ута албасын, мени менен беттешип көрсүн” деп сунуштадым. Ошентип WEF Global 11- беттешинде Украиналык мушкерди утуп чыктым. Бирок жеңишке жетүү да оңойго турган жок. Кенжебек Чекиров, Акжол Ажыбеков аттуу агайларымдын, кыйын деген Кыргызстандагы боксер мыкты жигиттердин, командамдын жардамы менен жеңишке жеттик. Талыкпаган мээнетибиз акталды. Мушташуудагы башкы максатым намыс болуп, биринчиден өз күчүмдү сыноо, экинчиден кыргыз элимди даңазалоо эле.

-Эрежесиз эр мушташы башка спорттон айырмаланып, андагы мушкерлер каймана ат менен эл алдына чыгып жүрүшөт. Сиздин псевдонимиңиз кандай?

  • Жалпысынан биздеги мушкерлерди “Аюулар” деп аташат. Ошого жараша ар бирибизде атайын коюлган каймана аттарыбыз бар. Мисалы Өзбекстандык Хантураев аттуу мушкер Азиядагы аюуларды жеңгени үчүн “Азиатский медведь” деген аты менен белгилүү. Ат коюуда негизги өзөк анын мааниси эмеспи. 2010-жылы Астанада бир күндө 4 беттеш өтүп, андан бардык мушкерлерди утуп алып Азия чемпиону болгом. Ошондо Казакстанда бизди коштогон байкелер жана Кыргызстандын мыкты машыктыруучулары кеңешип мага да каймана ат тандашкан. Талас элинин урпагы болгондугумду эске алышып, Манас атабыздай айкөл, баатыр болсун деген ниетте “Кабылан” деген ысым ыйгарышкан. Ошондон бери бардык мушташтарда “Кабылан” деген каймана ат менен чыгып келгем. Бирок бул аттын маанисин чет элде түшүнө бербегендиктен, учурда “Азия арстаны” деген псевдоним менен мушташып келем.

-Ири мелдештерге чыгаарда сыйынып чыгасызбы?

-Адам баласы болгон соң бир нерсеге ишенүү керек. Андыктан, мен да сыйынып, дуба келтирип, Кудайдан сурап, анан гана беттештерге чыгам. Мусулман болгон соң ансыз мелдешти баштоо мүмкүн эмес. Башка динди туткан мушкерлер беттеш алдында чокунуп, өз динин жасаса биз да мелдеш алдында келме келтирип, дуба кылып, жалгыз жараткандан жеңиш тилеп анан кадам таштайбыз.

-Эрежесиз эр мушташ кооптуу спорттун бири, жаракат алган учурлар көп болсо керек?

-Албетте. Жалпысынан спортто жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Бул аралыкта денемдин көп жери жаракат алды, сынды. Анткен менен бул спорттун түрүн тандаган соң, бардык соккуга даяр болуп, чыдамкай болуу кажет, артка жол жок. Кудай буйруса дүйнөлүк лигаларга чыгууга аз убакыт калды. Мүнөзүбүздөн тартып бардык жактан дүйнөлүк мелдешке бышып калдык.

-Спортто ийгилик жараткан чымыр денелүү спортчуларды саясатчылар жанына жан сакчы кылып алып жүрүүнү каалайт. Сизге да сунуштар түшпөй койбосо керек?

-Студент кезде Өмүрбек Бабанов өңдүү байкелер менен иштешкем. Саясатчынын жанында жүрүүгө эрте аралашканыма азыр сыймыктанам. Себеби, мындай белгилүүлөрдүн жанында жүрүүдө көп нерсеге көзүм ачылды, көптү көрүп, көптү түшүнүүгө шарт болду. Андыктан азыр мындай сунуштардан баш тартууга аргасызмын. Биринчиден, бирөөгө байланбай өз алдынча кетүү менин ишиме пайдасын тийгизет. Анан да өз эмгегим менен нан табууну туура көрөм. Спорт аркылуу дос күтүп, ырыскымды таап жатам. Мага ушул нерсе жетиштүү.

-Спортчуга демөөрчү аба менен суудай керек. Колдоо көрсөткөн демөөрчүңүз барбы?

  • Спорттогу талантымды, жетишкендиктеримди баалап, сыйлаган байкелерге баймын. Колдоо көрсөткөн демөөрчүлөрүмдү санап берүү мүмкүн эмес. Андыктан бардыгына терең ыраазычылык. “Жалгыз дарак токой болбойт” демекчи, мен сыймыктанган байкелеримдин колдоосу менен жетишкендиктер жаралып келет. Анткени колунан чоң сумма чыкпаса да, жаныма келип колумду кысып, сыйлап, урматтап, сыймыктанып, жакшы пикирин, кеңешин калтырган адам мен үчүн баарынан жогору турат.

-Спорттон тапкан олжоңуз?

-Алган сыйлыктардын ар бирине токтолуу көп убакытты алат. Алардын ирдүүсүнө токтолсом, панкратион боюнча Евразия чемпиону болгом. Москвада болгон профессионалдык мушташта тишим сынып калганына байланыштуу финалга чыга албай, күмүш медалга татыгам. Москвада, Астанадагы ар кандай уюмдарда беттештерди уюштуруп келем. Максатым - спорт менен байлык топтоо эмес, артымда жакшы из калтыруу. Жүрүш-туруш, ыймандуу кадамдарым менен калкыма жылуу пикир калса дейм. Спорттон тапкан байлыгым - коюлган каймана атым.

-Алдыда дагы ири мелдеш күтүп турган экен. Даярдыктарыңыз кандай?

-Ооба, 12-майда чоң масштабдагы мелдеш өткөнү турат. Учурда даярдык өз күчүндө жүрүүдө, алдын-ала каршылаштарыбыздан маалымат алдык. Буга чейин Кыргызстанга кара терилүү мушкерлер келген эмес экен, бул мелдеште негр жигит менен күч сынашам. Мени менен мушташка чыкчу мушкер европадан келет. Абдан кызыктуу мелдеш болот деген чоң ишеничтемин. Анткени мелдештерде оор салмактагы беттешүүнүн жүрүшү өтө кызык. Жалпысынан эрежесиз эр мушташта бокс, күрөш сыяктуу тармактар камтылгандыктан учурда ар тараптуу даярдыктарды көрүп жатам.

-“Эрежесиз эр мушташ” деп аты айтып турганы менен мында кээ бир эрежелер сакталса керек?

-Туура. Эрежелер бар. Каршылашты тиштөөгө жана көзүн чукууга болбойт. Башка бардык соккуларга уруксат берилгендиктен ар бир мелдеш алдында уруксат кагазына кол коюп, өз жоопкерчиликти моюнга алабыз. Бул өтө кооптуу жана оор спорт болгондуктан эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, мушташ учурунда оор жаракат алып калуу да коркунучу бар. Ал үчүн ар бирибиз өз жашообузга жоопкербиз.

-Сизге эркин микрофон...

-Алакандай кыргыз элинде тынчтык болсун. Кайда болсок да кыргыз экенибизди унутпайлы, бөлүнүүгө жол бербейли. Жаштарыбыз талыкпаган эмгекке жуурулуп кайсы гана тармак болбосун ийгилик жарата берсин. Элдин келечеги биз, жаштар болгондуктан биримдикте жаркын келечекке умтулалы, кыргыз элин, жерин дүйнөгө тааныталы. “Элита плюс”, 2018-жыл, апрель.