Коом
Тил күнүнө карата китептер чыгарылат
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Тил күнүнө карата китептер чыгарылат
© Элита плюс

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында 16 китептин бет ачары болот. Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевдин айтымында, 4 багыт боюнча китептер басылып чыгууда.

«Азыркы адабият» сериясында кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектери, «Дүйнөлүк адабият» сериясында дүйнөлүк классиктердин кыргыз тилине которулган чыгармалары, «Дүбүрт» сериясында жаш калемгерлердин чыгармалары жыйнак болуп басылып чыгат, «Дүйнө» сериясында кыргыз адабиятынын башка тилдерге котормосу жарык көрөт.

Быйыл китеп басып чыгарууга 1,6 млн сом бөлүнүп, анын 609 миң сому үнөмдөлүп, өкмөткө кайтарылып берилген.

Китептер республика боюнча китепканаларга, билим берүү мекемелерине акысыз таратылат. Ошондой эле, mamtil.kg сайтынан PDF түрүндө көчүрүп алууга да болот.

1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынган.