Саясат
Темирбек АСАНБЕКОВ, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: "Баш мыйзамыбыз Конституциянын талабына жараша, президент да парламенттик шайлоону өткөрбөй коюуга укугу жок"
Элита плюс
Июнь 18, 2020 г.
Темирбек АСАНБЕКОВ, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери:  "Баш мыйзамыбыз Конституциянын талабына жараша, президент да парламенттик шайлоону өткөрбөй коюуга укугу жок"
© Элита плюс

--Темирбек Ишенбаевич, Канат Хасановдун "Чоң казатчылардын" катарынан чыкканы аталган  уюм ыдырай баштады дегенден кабар береби?

--Уюмдан бир адам чыкса эле, иш токтоп калды дегенибиз туура эмес. Интернет булактары аркылуу болгон Канат мырзанын жеке пикир алышуусун жарыялап, талкууга салып жатышат. Алгач "Чоң казат" уюмунун негиздөөчүлөрүнүн официалдуу билдирүүсүн угуп, анан жыйынтык чыгарсак адилеттүүлүк болот эле.

--Алар көздөгөн максатына жетип, шайлоого катыша алабы же тарап кетишеби?

--"Чоң казат" Минюста саясий партия катары мурун эле катталганы саясий ишмерлерге белгилүү болчу. Бирок, коомдук иштерди уюштуруу шарттары төмөн, финансылык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, шайлоо процесстерине катыша албай келишкен. Кийинчерээк, интернет булактары аркылуу Сыймык Жапыкеев мырза коррупция маселесин коомдук талкууга койгон демилге аркылуу, турмуш маселесинен кыйналып араң турган элдин оозуна алынып, элдик кыймыл катары өздөрүн элге таанытып алышты. Элдин колдоосуна алынып, жакшы келе жатышып, саясий тажрыйбанын жоктугунан акыркы күндөрү бир канча катачылыктарга жол бергени байкалып калды. Алар кандай маселе көтөрсө да, мамлекет оңолсун, коррупционерлер жазалансын деген ак ниети менен аракет кылышты. Бирок, сабырдуулук кылып коомдук-саясий маселелерде этият болбосо, айрым жагдайларды эске алышпаса, намыскөй инилеримдин саясий келечеги оор болуп калышы ыктымал.

--Нарында жайыт талаштан улам, чогулуп, тирешкен элди тынчтандырууга ОМОНдор барды. Негизи жайыт маселесинде чырга жол бербөө үчүн эмне кылышыбыз керек?

--Элибиздин ич ара чырдашып, ал чоң чатакка айланганынын негизги себеби, экономикабыздын жоктугунан, жакырчылыкты жеңели деген карапайым элдин аракетинен кабар берет. Анткени, көпчүлүк жарандарыбыз күнүмдүк көр оокатынан ажырап калуудан чочулашат. Анткени, бала-бакыраны багып, татыктуу турмуш куруу үчүн мал жанын көбөйтөт. Антип карапайым элдер өздөрү аракет кылбаса, Кыргызстанда турмуш абдан оор. Мындай маселени чечүүнүн эң туура жолу, мамлекеттик бийлик институттарыбыздын иштөө сапатын жогорулатып, элге туура маалымат берип, коомдук адилеттүүлүктү камсыздап, улуттук экономикабыздын өнүгүүсүнө жол ачышыбыз керек.

--Темирбек Ишенбаевич, коронавирустун кесепетинен парламенттик шайлоо болбой калышы мүмкүнбү?

--Албетте, медицина кызматкерлерибиздин эскертүүлөрүнө көңүл бурбай, өзүбүз саламаттыкты сактоо эрежелерин бузуп, шалаакылык кыла берсек, пандемия коркунучтарын күчтөндүрүп жиберебиз. Ошол себептерге байланыштуу, президент мамлекетибизге өзгөчө кырдаалды киргизүү токтомдорун кабыл алса, анда парламенттик шайлоону өткөрүүнүн мөөнөтү кыска убакыттарга өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, баш мыйзамыбыз Конституция талабына жараша, президент да парламенттик шайлоону өткөрбөй коюуга укугу жок. Анткени, 5 жылга шайланган депутаттардын мыйзамдуу укуктары бүтүп, мамлекеттик бийликтин маанилүү бутагы болгон "Жогорку Кеңеш" болбосо, саясий кризиске барып такалып калабыз.

Булак: NazarNews.kg