Коом
Телесабактарды окутуу үйрөтүлдү
Элита плюс
Август 21, 2020 г.
Телесабактарды окутуу үйрөтүлдү
© Элита плюс

Билим берүү жана илим министрлиги телесабактарга тартылып жаткан мугалимдерге кезектеги семинар-тренинг өткөрдү. Бул жолу аралыктан окутуу боюнча координаторлор тарабынан тарых, адам жана коом, математика сабагынын мугалимдерине уюштурулду. Катышуучуларга сапаттуу видеосабакты даярдоо, тартуу тууралуу усулдук сунуштар, кеңештер берилди. Ар бир мугалим талкууга жандуу катышып, кызыккан суроолоруна жооп алды. Буга чейин тартылып даярдалган сабактар көрсөтүлүп, анализ жүргүзүлдү. Телесабактарга тандалып алынган 260дан ашуун мугалим тартылып жатат. “Санарип мугалим” бир айлыгынан алкагында аларга семинар-тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Буга чейин география, кыргыз тил мугалимдери окутуудан өттү.