Дүйнөдө
Тажикстанда президенттин уулу парламент спикерлигине аттанышы мүмкүн
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
Тажикстанда президенттин уулу парламент спикерлигине аттанышы  мүмкүн
© Элита плюс

Тажикстан президентинин уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали өлкө парламентинин Жогорку палатасынын мүчөсү болуп шайланды.

27-марттагы добуш берүүнүн жыйынтыгында анын талапкерлигин Душанбе шаардык кеңешинин 217 депутаты колдоду. Рустам Эмомали менен бирге шаардын ар кайсы райондорунан талапкерлигин койгон дагы төрт киши Жогорку палатага шайланды. Жергиликтүү эксперттер менен саясий талдоочулар жакынкы убактарда Рустам Эмомали Жогорку палатанын спикерлигине дайындалып, өлкөдөгү экинчи адам болуп калат деп болжолдошууда. Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, президент отставкага кетсе же ооруп калса анын милдеттерин убактылуу Жогорку палатанын спикери аткарат. Бул кызматта 2000-жылдан бери Махмадсаид Убайдуллаев иштеп келет. Тажикстандын Жогорку палатасында 33 сенатор бар. Алардын 25и шаарлар, райондор жана облустардан шайланса, 8 сенаторду президент дайындайт.