Дүйнөдө
Тажикстан: Президенттике беш талапкер катталды
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
Тажикстан: Президенттике беш талапкер катталды
© Элита плюс

 

Тажикстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого беш талапкер расмий катталды. Алар − өлкөнүн учурдагы президенти, Элдик Демократиялык партиянын лидери Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын лидери Рустам Латифзода, Социалисттик партиянын лидери Абдухалим Гаффоров, Коммунисттик партиянын лидери Миродж Абдуллоев жана Экономикалык реформалар партиясынан Рустам Рахматзода. Ал эми Демократиялык партиянын лидери Саиджафар Усмонзоданы Тажикстандын президенттигине талапкер катары расмий каттоо маселеси Борбордук шайлоо комиссиясында каралат. Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон 2015-жылдын 25-декабрынан бери «Улуттун лидери» деген наамды алып жүрөт. Төрт жолу президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен, андан тышкары 1999 жана 2003-жылдардагы жалпы элдик конституциялык референдумдардын жыйынтыгы менен ыйгарым укуктары узартылган. 2016-жылдын 22-майында өткөн бүткүл элдик конституциялык референдумдун жыйынтыгынан кийин, Тажикстандын президенттигине кайрадан шайлоонун санына коюлган чектөөлөр алынып салынган жана президенттикке талапкер болгондордун жаш курагы 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтүлгөн.