Дүйнөдө
Тажикстан мектептеринде окуу бүгүн, 1-апрелде башталат
Элита плюс
Апрель 01, 2020 г.
Тажикстан мектептеринде окуу бүгүн, 1-апрелде башталат
© Элита плюс

Тажикстан бийлиги бардык орто мектептер коронавирустун жайылышына каршы дезинфекцияланганын билдирүүдө. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги жазгы каникул аяктаганын, 1-апрелде окуу башталарын маалымдады.

Тажикстанда мектеп окуучулары жазгы каникулга 21-мартта таратылган. Он күн аралыгында мектептер эки сапар дезинфекцияланган.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандагы 3800дөн ашуун мамлекеттик жана жеке окуу жайларында 2 миллиондой бала окуйт.

Тажикстан жана Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус илдети каттала элек.