Коом
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директорун кармалды
Элита плюс
Июнь 26, 2020 г.
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директорун кармалды
© Элита плюс

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директорун кармашты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 2019-жылы “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан 84 млн сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган. Бирок, башкы бухгалтери жана операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде пайдаланууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон. Тактап айтканда, жыл ичинде 1 миллион сомдон ашык баадагы 30 530 литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана Талас облусунун аймагында коротулгандыгы аныкталган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагы менен гана чектелген. Эсептөө палатасынын актысына ылайык, өткөн жылы Бишкек шаарынын аймагынан сырткары коротулду делген накталанган талондордун суммасы 1 066 100 сомду түзгөн. Аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.