Коом
Тазабек Икрамов: "COVID-19 вирусу боюнча туура эмес маалымат берип жатасыздар"
Элита плюс
Ноябрь 05, 2020 г.
Тазабек Икрамов: "COVID-19 вирусу боюнча туура эмес маалымат берип жатасыздар"
© Элита плюс

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө кайрылып, "Так маалымат бериңиздер, сиздер күн сайын көрсөтүп жаткан көрсөткүчтөр туура эмес", - деп баса белгилеп айтты. 

Тазабек Икрамовго көп адамдар кайрылып, коронавирус илдетинен бир айылдан 3-4 адам көз жумуп жаткандыгын, ал эми өкмөт республика боюнча 1-2 гана адам каза болду деп берип жатат деп кайрылышкан.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Улуттук статистикалык комитет ар бир өлүм менен аяктаган ишти жергиликтүү бийликтин маалыматтарынын негизинде каттайт деп жооп берди.

"Эгерде сөөктү текшерүү болбосо, анда иш статистикалык маалыматка кирбейт. Дарыгердин корутундусуз, аны статистикалык маалыматка киргизүү мүмкүн эмес", - деди ал.

Ошондой эле, Тазабек Икрамов мамлекет коронавирус илдетине каршы вакциналарды сатып алуу боюнча суроо узатты. 

Буга карай саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев Россия, Түркия жана Казакстандан вакциналарды алуу боюнча келишим түзүлгөндүгү тууралуу айтты.

"Биз 100 гана вакцина алууну пландап жатабыз, анткени аларды алгач изилдөө керек" деди ал.