Таштандыларды өрттөө боюнча Бишкектеги мончолорго рейд жүрдү
Элита плюс
Декабрь 18, 2020 г.
Таштандыларды өрттөө боюнча Бишкектеги мончолорго рейд жүрдү
© Элита плюс

Бишкек шаарындагы мончолорго таштанды жагуу боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Рейд Санитардык-экологиялык инспекциянын, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Муниципалдык аймактык башкаруу кызматынын кызматкерлери менен бирге өткөрүлдү. Анда шаар боюнча эки күндө 74 объект текшерип, 22 миң 500 сомдук 3 протокол түзүлдү", - деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды белгисиз жерлерде өрттөө, жеке адамдарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 миң сом айып салынат.