Коом
Ташкент-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам башталат
Элита плюс
Сентябрь 14, 2020 г.
Ташкент-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам башталат
© Элита плюс

14-сентябрдан баштап Ташкент-Бишкек-Ташкент багыты боюнча туруктуу каттамдар аткарыла баштайт. Каттамдар Ташкентке жумасына бир жолу — дүйшөмбү күндөрү учат.

Өзбекстан менен Кыргызстандын туруктуу аба каттамдары Uzbekistan Airways авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Бул өлкөгө барууну каалаган жүргүнчүлөр учуунун алдынан 3 күн мурун англис же орус тилиндеги ПЧР-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалымкатты тапшырышы керек. Компаниянын сайтында айтылгандай, коронавирус жоктугун көрсөткөн анализин тапшырбаган жүргүнчүлөр рейске каттоого алынбайт.

Германия, Казакстан, Кыргызстан, БАЭ жана Түркиядан барган жарандар Өзбекстанда термометриядан өтүүлөрү жана 14 күн үй ичинде обочолонуулары керектелет.