Коом
Таластагы массалык мушташтын чоо-жайы айтылды
Элита плюс
Ноябрь 18, 2022 г.
Таластагы массалык мушташтын чоо-жайы айтылды
© Элита плюс

Талас шаарында соода борбордо башталган чыр массалык мушташка айланды. Мушташтын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. 

Мушташ соода борбордо башталып, андан кийин көчөдө уланган.

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, милицияга 13-ноябрда болжол менен түнкү саат 00:40та Оторбаев көчөсүндө жайгашкан соода борбордо мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыккан. Анда соода борборго келген бир нече жарандар пикир келишпестен урушуп кеткендиги аныкталган. Видео тасмадагы жети баланы милиция кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.

«Алдын ала текшерүү учурунда алардын мас абалда экендиги аныкталган. Бирок, окуяга катышкан жарандардын бардыгы жана соода борбордун администрациясы арыз жазуудан баш тартышкан. Аталган факты боюнча административдик чаралар көрүлөт», — деп билдиришти милициядан.