Аймактар
Таласта Үй-бүлөлүк медицина борбору жаңыртылууда
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Таласта Үй-бүлөлүк медицина борбору жаңыртылууда
© Элита плюс

Таласта Үй-бүлөлүк медицина борборунун капиталдык оңдо иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Көк-Ой айылындагы Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштери 2019-жылдын август айында башталган. Объекттин тендердик наркы 47 млн 322 миң 986 сомду түзөт.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 44 млн 464 миң сом каржыланды.

Объекттин жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электртутамдары кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү орнотулуп бүттү. Ошондой эле имараттын чатыры оңдолуп, эшик-терезелери алмаштырылды, ички тосмолор орнотулуп, фасадды сырдоо жумуштары бүттү. Андан тышкары желдетүү тармагын калыбына келтирүү үчүн 200м3 септик орнотулду.

Учурда ички дубалдарды жасалгалоо жана полдорду стяжкалоо, кафель менен бетөө жумуштары жүргүзүлүүдө

Белгилей кетсек, имараттын ичиндеги эски лифт демонтаждалып, ордуна жаны лифт орнотулуп жатат жана өрттөн коргоо сигнализациясы коюлууда. Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважина казылып, сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.