Таласта жер силкинди
Элита плюс
Март 31, 2021 г.
Таласта жер силкинди
© Элита плюс

Талас облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 31-мартта таңкы саат 07:43тө Талас облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында - 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.