Саясат
Таласта мурдагы облус жана шаар башчысы коррупцияга шектелип кармалды
Элита плюс
Май 19, 2023 г.
Таласта мурдагы облус жана шаар башчысы коррупцияга шектелип кармалды
© Элита плюс
Таласта мурдагы облус жана шаар башчысы коррупцияга шектелип кармалды
© Элита плюс
Таласта мурдагы облус жана шаар башчысы коррупцияга шектелип кармалды
© Элита плюс
Таласта мурдагы облус жана шаар башчысы коррупцияга шектелип кармалды
© Элита плюс

Таласта мурдагы облус жана шаар жетекчилер коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызмтынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Талас районунун жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштери токтотулду.

УКМК Талас шаарындагы тигүү фабрикасын куруу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүү жана "Ника KG" курулуш компаниясынын эсебине 25 млн сом мыйзамсыз которулган фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, 2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш тарабынан 2021-жылдагы 14-октябрындагы №220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун” долбоордук-сметалык документтери жок талаптарын бузуу менен жана Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун максатка ылайыктуулугу боюнча корутундуларды чыгарып, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоор жактырылгандыгы аныкталган.

2022-жылдын октябрь айында Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мамлекеттик тендерлердин жыйынтыгы боюнча текстиль фабрикасын курууга "Ника KG" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Ушул эле жылы 17-октябрда №44 келишимдин негизинде аткарылган иштердин бардык көлөмү иш жүзүндө кабыл алынгандан кийин 100% акча каражаты которулушу керек болчу. Бирок, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Э.Т.Т. көрсөтмөсү боюнча мурдагы Талас облусу боюнча КР президенттин өкүлү Б.Н. Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 млн сом которгон, анын ичинен биринчиси кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, "откат" иретинде акча каржатын алышкан.

Ушуга байланыштуу каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо үчүн КР УКМК Мамлекеттик архитектура агенттигинин квалификациялуу адистери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбасы долбоорлоо-сметалык документтерге салыштырма талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча курулуштун баштапкы этабында иш жүзүндө аткарылган иштердин долбоордон 7 миллион сомдон ашык (7 038 265 сом) четтөөлөрү аныкталган.

2023-жылдын 18-майында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында төмөнкүлөр кармалган:

- КР президентинин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Н.Б.Н.;
- Талас шаарынын мурдагы мэри Ш.А.А.;
- Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т.;
- Талас райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы башчысы С.С.О.;
- "Ника КГ" ЖЧКнын өкүлү, А.у.А.

Бул адамдар КР Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, Талас облусунун ИИБнын УККсына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.