Аймактар
Талас шаарында таза суу чыгаруу аракети жүрүүдө
Элита плюс
Сентябрь 22, 2020 г.
Талас шаарында таза суу чыгаруу аракети жүрүүдө
© Элита плюс

Талас шаарында 24 чакырымга жакын аралыкка созулган таза суу куурлары тартылган. Аны менен бирге шаардын борбордук бөлүгүнө 7 жарым чакырымга жеткен саркынды суу өтүүчү куур жаткырылган. Бул иштерди жасоодо көчөлөр казылып, жол катмарын кайра калыбына келтирүүдө бузулган көчөргө асфальт басылган. Бир нече багытты камтыган иштин аткарылышына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5 миллион евро бөлүп, арткан каражатка көп кабаттуу үйлөрдүн пайдубалына чейин иче турган суу жеткирүү иштери жүрүп жатат. Адистер жумуштун бул бөлүгүнө келгенде тоскоолдуктарга кабылып жатканын айтат. Талас шаарынын борбордук бөлүгүн көп кабаттуу үйлөр түзөт. Шаар эли жашоочулар үчүн инфратүзүм, шарт каралып жатканына оң баа беришти. Учурда ири долбоордун биринчи фазасы аяктап, экинчисин баштоого даярдык көрүлүүдө. Ал саркынды суу системасын жөнгө салуу.